Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 5
Терек-Сай айыл аймагына караштууТерек-Сай аймактык ооруканасына от жагуучу бөлмө курулмасын куруу үчүн (котельная) жер аянтын бөлүп берүү жана АПУ алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай аймактык ооруканасына от жагуучу бөлмө курулмасын куруу үчүн (котельная) аймактык оорукананын короосунан жер аянтын бөлүп берүү жана АПУ алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө аймактык оорукананын башкы дарыгери Т.Ташбалтаеванын кайрылуусунун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай аймактык ооруканасына от жагуучу бөлмө курулмасын куруу үчүн (котельная) аймактык оорукананын короосунан 18 жер аянты жана Чаткал райондук архитектура бөлүмүнөн АПУ алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 24 450 (жыйырма төрт миң төрт жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн жердин турак-жай салууга жарактуулугун аныктап жана АПУ берүү жагы Чаткал райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын жана акча каражатын бөлүп берүү жагы КЭБнун башчы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |