Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 7
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына Кызыл-Токой айылындагы “Таза-Суу” обьектисин жана окуучуларды ташуучу Спринтер автоунаасын, көчөлөрдү жарыктандыруу көзөмөлүн, турак-жай ( ЖКХ-706 раздел) бөлүмүн бардык кыймылдары менен өткөрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Терек-Сай Тазалык ” ишканасына Кызыл-Токой айылындагы “Таза-Суу” обьектисин жана окуучуларды ташуучу Спринтер автоунаасын, көчөлөрдү жарыктандыруу көзөмөлүн, турак-жай ( ЖКХ-706 раздел) бөлүмүн бардык кыймылдары менен өткөрүп берүү жөнүндөгү ФЭБ башчы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында курулган
“Таза-Суу” обьектисин көзөмөлдөө, ремонттоо жумуштарын аткаруу жана
жумушчулардын эмгек акыларын төлөө кызматы, көчөлөрдү жарыктандыруу
көзөмөлү, Кызыл-Токой айылындагы мектеп окуучуларын ташуучу Спринтер
автоунаасынын көзөмөлү, турак-жай (ЖКХ-706 раздел) бөлүмү бардык
кыймылдары менен “Терек-Сай Тазалык” ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Атайын комиссия курамы түзүлүп, түзүлгөн комиссиянын курамына өткөрүп берүү, өткөрүп алуу иш чараларын жүргүзүү милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын тиешелүү адистерине жана Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |