Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 8
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылга иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча ФЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыктын эсебинен 701 разделге 1179,5 мин сом, 70823 разделге 220,0 мин сом, 70911 разделге 22,8 мин сом, 70921 разделге 332,0 мин сом жана атайын каражаттар эсебинде калган калдыктын эсебинен 701 разделге 9589,3 мин сом, 70911 разделге 710,4 мин сом акча каражаты №1,№2 тиркемелерге ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |