Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 9
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Терек-Сай Тазалык ” ишканасынын 2019-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү муниципалдык ишкананын жетекчиси Ш.Балтагуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджети 1,8 млн (бир миллион сегиз жүз мин) сомго бекитилсин..
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |