Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 10
Терек-Сай айылынын тургун З.Мырзалиевага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну Зыяда Мырзалиеванын ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну З.Мырзалиевага ден соолугуна байланыштуу 40 000 ( кырк мин) сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |