Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 11
Ош шаарында боло турган чемпионатка жана Кочкор-Ата шаарында өткөрүлүүчү спорттук оюндарга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылынын тренери Ж.Ташболотовдун Ош шаарында боло турган чемпионатка жана Кочкор-Ата шаарында өткөрүлүүчү спорттук оюндарга машыккан окуучу балдарды алып барууга акча каражатынын зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында боло турган чемпионатка жана Кочкор-Ата шаарында өткөрүлүүчү спорттук оюндарга машыккан окуучу балдарды алып барып келүү үчүн 18 000 (он сегиз мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин..
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |