Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-марты № 1
8-Март Аялдардын эл аралык майрамын жогорку денгээлде өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекемелерде иштеп жаткан аялдарды, “баатыр энелерди” сыйлоо максатында грамоталарды, баалуу белектерди жана майрамдык иш-чара өткөрүү максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл аймактын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекемелерде иштеп жаткан аялдарды, “Баатыр энелерди” сыйлоо максатында грамоталарды, баалуу белектерди жана майрамдык иш-чара өткөрүү максатында 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |