Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-марты № 2
Жалал-Абад шаарында боло турган греко- рим күрөш оюнуна баруу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак Терек көчөсүндө жайгашкан спорт күрөш залдын машыктыруучусу Д.Исмановдун Жалал-Абад шаарында “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата” боло турган областтык денгээлде өтүүчү греко –рим күрөш оюнуна балдарды алып баруу үчүн жол чыгымдарын чечип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында облустук денгээлде өтүүчү греко- римдик күрөш оюну боюнча мелдешке балдар командасын алып барып келүү максатында жол чыгымдарын төлөө үчүн 7 000 (жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |