Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-марты № 3
Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан көчө жарыктарына электр эсептегич орнотуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек, Эшалы Болуш, Горняк-1,2 көчөлөрүндө жана Терек-Сай айылында жайгашкан көчө жарыктарына электр эсептегич орнотуу жөнүндө айыл аймактын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек, Эшалы Болуш, Горняк-1,2 көчөлөрүнө жана Терек-Сай айылында жайгашкан көчө жарыктарына электр эсептегич орнотуу максатында 6600 (алты миң алты жүз) сом акча каражаты “Тазалык Терек-Сай” муниципалдык ишканасына бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |