Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-марты № 5
Терек-Сай айыл аймагында “Хайленд Эксплорейшн” ЖЧКнан түшкөн акча каражатын жумшоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылдын “Хайленд Эксплорейшн” ЖЧКнан түшкөн акча каражатын жумшоо боюнча ФЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин атайын каражаттар эсебине түшкөн 70,0 миң сом акча каражаты аймактык оорукананын утурумдук ремонт иштерине бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |