Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 1
Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматына эмеректерди алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматынын эмеректеринин эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы эмеректерди алуу зарылчылыгы пайда болгондугу алуу жөнүндө айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматына жаңы эмеректерди алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 257 000 (эки жүз элүү жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |