Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 2
“Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын катуу отунга өткөрүү үчүн проект даярдоо жөнүндө
“ Келечек ” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын катуу отунга өткөрүү максатында проект даярдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Келечек ” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын катуу отунга өткөрүү максатында проект даярдоо үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |