Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 3
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Ж. Байымбетованын, А.Куланбаеванын кызынын, С.Сайипованын, К.Хаджибековдун, Г.Сейитбекованын күйөөсүнүн, Качикеева Нурайымдын күйөөсүнүн ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Жаңыл Байымбетовага 20 000 (жыйырма миң) сом, Айнагүл Куланбаевага 10 000 (он миң) сом, Саламат Сайиповага 5000 (беш миң) сом, Камалидин Хаджибековго 50 000 (элүү миң) сом, Гүлайым Сейитбековага 5000 (беш миң) сом, Качикеева Нурайымга 25 000 (жыйырма беш миң) сом, Ибрагимова Розага 7000 (жети миң) сом акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |