Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 4
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы окуучуларды ташыган авто унаага керектүү авто тетиктерди алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундарынын окуучуларды ташыган бусикке керектүү авто тетиктерин алуу жөнүндө ата-энелердин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы окуучуларды ташыган авто унаага керектүү авто тетиктерди алуу үчүн 10 500 (он миң беш жүз) сом акча каражаты “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |