Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 5
Ынтымак көчөсүнүн тургундарынын суу сактагычка керектелүүчү курулуш материалдарын алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургундарынын суу сактагычка керектелүүчү курулуш материалдарын алуу жөнүндөгү тургундардын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнө суу сактагычка керектелүүчү курулуш материалдарын алуу үчүн 3500 ( үч миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |