Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 6
Терек-Сай айыл аймагынын иш кагаздарын жүргүзүүчү –оператору Г.У. Чындолотовага ноутбук алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын иш кагаздарын жүргүзүүчү оператору Г.У.Чындолотованын ноутбук алып берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын иш кагаздарын жүргүзүүчү оператору Г.Чындолотовага ноутбук алып берүү үчүн 30 000 (отуз миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |