Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 8
Ак-Терек айылынын дүкөндөрдүн айланасына тосмо тосуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жайгашкан дүкөндөрдүн айлана-тегерегине тосмо тосуу жөнүдөгү Ак-Терек айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн айланасын тосмо тосуу максатында сметада көрсөтүлгөн 167 000 (жүз алтымыш жети миң) сом акча каражаты “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн..
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |