Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 9
Кызыл-Токой айылына клумба орнотуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана гүлдөтүү максатында клумба орнотуу жөнүндө Жеригиликтүү Кенештин депутаты М.Э. Каиповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына клумба жасоо үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен
“ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткаарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |