Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 10
Терек-Сай айыл аймагында селканалардын арыктарын тазалоо жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо, ар кандай түрдөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында селканалардын ичин тазалоо үчүн күйүүчү алуу жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо, ар кандай өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында селканалардын ичин тазалоо үчүн 2019-жылдын соц.пакетинин эсебинен 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |