Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 11
Терек-Сай айыл аймагынын балансында турган погрузчиктин айдоочусунун айлык акысына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын балансында турган погрузчик техникасынын айдоочусунун кыш мезгилинде жумуш жоктугуна байланыштуу айлык маянасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын балансында турган погрузчик техникасынын айдоочусунун 8 айга айлык маянасын төлөп берүү үчүн 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |