Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 12
Апсаматов Рузимураттын жаркын элесине арналган областтык денгээлде өтүүчү турнирге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында “Апсаматов Рузимураттын” жаркын элесине арналган областтык денгээлде өтүүчү волейбол оюну боюнча турнирди өткөрүү максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Эшалы болуш көчөсүнүн машыктыруучусу Ж.Ташболотовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында уюштурулган “Апсаматов Рузимураттын” жаркын элесине арналган областтык денгээлде өтүүчү волейбол оюну боюнча турнирди өткөрүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |