Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 13
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылга иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылдын 1-январына калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча ФЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2019-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен 701 разделинин 2215 беренесине 10,5 миң сом, 3111 беренесине 202,0 мин сом жана 3112 беренесине 287,0 мин сом, 70821 разделининин 2221 беренесине 20,0 мин сом,70823 разделинин 3112 беренесине 20,0 мин сом, 70911 раздели 2215 беренесине 50,0 мин сом,ал эми 70921 разделине 2215 беренесине 12,0 мин сом,бардыгы болуп 601,5 мин сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |