Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 14
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө туура багыт берүү максатында волонтерлорго кызмат акы төлөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептеринин бүтүрүүчү окуучуларына жогорку окуу жайлар боюнча туура багыт берүү максатында Ош шаарынан келген волонтерлорго кызмат акы төлөө жөнүндө Жергиликтүү Кенештин депутаты Ж.Курманбековдун сунушун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептеринин бүтүрүүчү окуучуларына жогорку окуу жайлар боюнча туура багыт берүү максатында Ош шаарынан келген волонтерлорго кызмат акы төлөө үчүн 12 000 (он эки миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |