Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 15
Терек-Сай айыл аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында көчөттөрдү алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагын архитектуралык талаптарга ылайык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында мекеме уюмдарга гүл көчөттөрүн алып берүү максатында Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагын архитектуралык талаптарга ылайык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында мекеме уюмдарга гүл көчөттөрүн алып берүү үчүн 72 204 (жетимиш миң эки жүз төрт сом) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |