Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 16
Айылдын аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында “Биз таза аймак үчүн” акциясын уюштуруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жол жээктерин, суунун жээктерин тазалап ирээтке келтирүү, таштандыларды тазалоо максатында “Биз таза аймак үчүн” акциясын уюштуруу жана ишембилик өткөрүү үчүн окуучуларга кол кап, суу, баштыкчаларды алуу жөнүндө айыл аймактын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жол жээктерин, суунун жээктерин тазалап ирээтке келтирүү, таштандыларды тазалоо максатында ишембилик өткөрүү үчүн окуучуларга кол кап, суу, баштыкчаларды алуу үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |