Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 17
Кызыл-Токой айылындагы кургак учук оорусу менен ооруган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында каттоодо турган кургак учук оорусу менен ооруган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Кызыл-Токой ФАПтын фельдшери Аширбекова Гүлжандын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында каттоодо турган кургак учук оорусу менен ооруган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн 15 000 (он беш миң) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |