Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 19
Терек-Сай айыл аймагында “ Фулл Голд Майнинг” ЖЧКнан түшкөн акча каражатын жумшоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылдын “ Фулл Голд Майнинг” ЖЧКнан түшкөнакча каражатын жумшоо боюнча ФЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебинен түшкөн 40,0 миң сом акча каражаты Кызыл-Токой айылындагы “Таза суу” боюнча иштеген эки жумушчуга эмгек акы катары №1 тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |