Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 20
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шалдыр участкасында мыйзамсыз бак-дарактар кыйылгандыгына байланыштуу айлана-чөйрөгө келтирилген чыгымды төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан Терек-Сай айылынын Шалдыр участкасында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып ташылып кеткендиигне байланыштуу жаратылышка келтирилген зыянга карата айып пул төлөө жөнүндөгү доо талапты угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шалдыр участкасында мыйзамсыз бак-дарактар кыйылып ташылып кеткендигине байланыштуу айлана-чөйрөгө келтирилген зыянга карата айып пул төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин 2019-жылыдн 1-январына карата иштетилбей калган калдыктын эсебинен 72 318 (жетимиш эки миң үч жүз он сегиз) сом эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |