Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-марты № 1
“НУР Телеком” ЖЧКоомуна уюлдук байланыш базалык станциясын орнотуу үчүн убактылуу жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Рудничная көчөсүндө жайгашкан “Кыргызалтын” ААКоомунун фабрикасынын үстү жагынан жана Ак-Терек көчөсүндөгү “Терексай” руднигинин конторасынын үстү жагынан, Кызыл-токой айылынын Ынтымак көчөсүнөн “НУР Телеком” ЖЧКоомуна уюлдук байланыш базалык станциясын орнотуу жана элди мобилдик жана интернет байланыш менен камсыз кылуу максатында убактылуу жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө “НУР Телеком” ЖЧКоомунун техникалык директору А.М.Коваленконун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Рудничная көчөсүндө жайгашкан “Кыргызалтын” ААКоомунун фабрикасынын үстү жагынан жана Ак-Терек көчөсүндөгү “Терексай” руднигинин конторасынын үстү жагынан, Кызыл-токой айылынын Ынтымак көчөсүнөн “НУР Телеком” ЖЧКоомуна уюлдук байланыш базалык станциясын орнотуу жана элди мобилдик жана интернет байланыш менен камсыз кылуу максатында убактылуу жер аянтын бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жер адиси И.А.Смановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |