Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-марты № 2
Жалал-Абад шаарында боло турган волейбол оюнуна баруу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын машыктыруучусу С.Баимбетованын Жалал-Абад шаарында областтык денгээлде өтүүчү волейбол оюнуна кыздарды алып баруу үчүн жол чыгымдарын чечип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында облустук денгээлде өтүүчү волейбол оюну боюнча турнирге кыздар командасын алып барып келүү максатында жол чыгымдарын төлөө үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |