Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 1
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан Кара-Далаа участкасындагы жерлерди кайракы категориясынан калктуу конуштарды кеңейтүү категориясына бекитүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын түндүк батыш тарабындагы түшүмдүүлүгү начар айыл чарба багытына туура келбеген жерлерди б.а. Кара-Далаа участкасын калктуу конуштарды кеңейтүү жана калкты жеке турак-жай менен камсыз кылуу максатында Кара-Далаа участкасындагы түшүмдүүлүгү начар, айыл чарба багытында 31 гектар жер аянты кайракы категорисынан калктуу конуштарды кеңейтүү жана калкты жеке турак жай менен камсыз кылуу категориясына которуп, 10 жылдан бери жеке турак жай салууга кезекке турган 700 атуулдарды турак жай салууга жер участкалары менен камсыз кылуу максатында айыл аймактын башчысы Б.С.Ашырбаевдин жана жер адис И.Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын түндүк батыш тарабындагы Кара-Далаа учаскасындагы түшүмдүүлүгү начар айыл чарба багытына туура келбеген 31 гектар жер аянты кайракы категорисынан калктуу конуштарды кеңейтүү жана калкты жеке турак жай менен камсыз кылуу категориясына которуу жагына макулдук берүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, транспорт, байланыш,курулуш, энергетика,жана агрардык маселе боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ажакматов И. К. |