Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 2
“Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна музыкалык аппарат алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Ч.Ш.Аликееванын бала бакчага музыкалык аппарат алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна музыкалык аппарат алып берүү үчүн 25 000 (жыйырма беш мин) сом акча каражаты жергиилктүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |