Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 4
“Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун балдар ойноочу аянтчанын атракциондорун ремонттон өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Ч.Ш.Аликееванын бала бакчанын балдар ойноочу аянтчанын атракциондорун ремонттон өткөрүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун балдар ойноочу аянтчанын атракциондорун ремонттон өткөрүү үчүн 26 100 ( жыйырма алты миң бир жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |