Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 5
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Асылкан Айтимбетованын кызынын жана Маматова Гульзинанын кызынын ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Айтимбетовага 50 000 (элүү миң) жана Маматова Гульзинанын кызына 15 000 (он беш) миң сом акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |