Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 6
Жалал-Абад шаарында областтык денгээлде өтүүчү турнирге окуучуларды алып баруу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан күрөш залдын машыктыруучусу Данияр Исмановдун 2019-жылдын 29-31-мартка чейин Жалал-Абад областында “Улан Жороевдин жаркын элесине” арналган турнирге окуучуларды алып баруу максатында жол жана тамак –аш чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областында 2019-жылдын 29-31-мартка чейин “Улан Жороевдин жаркын элесине” арналган турнирге окуучуларды алып баруу максатында жол жана тамак –аш чыгымдарын төлөп берүү үчүн 10 000 (он миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |