Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 7
“Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы курулуп жаткан имаратына кошумча жер тилкесин берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Г.Камчыбекованын жаны курулуп жаткан бала бакчага бак өстүрүүгө кошумча жер тилкесин берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаны курулуп жаткан бала бакчага бак өстүрүүгө 15 сотых кошумча жер тилкесин бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, транспорт, байланыш , курулуш, энергетика жана агрардык маселе боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |