Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 8
Терек-Сай айыл аймагында санарип телекөрсөтүүсүнүн технологияларын көзөмөлдөөгө кызматкер алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановдун Терек-Сай айылындагы санарип телекөрсөтүүсүнүн технологияларын көзөмөлдөө максатында келишимдин негизинде айлык акы төлөп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында санарип телекөрсөтүүсүнүн технологияларын көзөмөлдөп туруу максатында келишимдин негизинде жер адис И.Смановго 3500(үч мин беш жүз) сом айлык акы төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |