Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 9
Мырзалиев көчөсүндөгү көпүрөнү оңдоп түзөө иштерине курулуш материалдарын алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзалиев көчөсүндөгү мал жана тургундар өтүүчү көпүрө авариялык абалда болгондугуна байланыштуу ондоп түзөө жумуштарына керектелүүчү курулуш материалдарын алып берүү жөнүндөгү Мырзалиев көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзалиев көчөсүндөгү мал жана тургундар өтүүчү көпүрө авариялык абалда болгондугуна байланыштуу ондоп түзөө жумуштарына сметада көрсөтүлгөн керектелүүчү курулуш материалдарын алып берүү үчүн 85 000 (сексен беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |