Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 11
Терек-Сай айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жумуштарын жолго коюу үчүн бак-дарактарды суугарууга керектүү чарба буюмдарын сатып алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Терек-Сай Тазалык” МИнын жетекчиси Ш.Балтагуловдун аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү, бак-дарактарды суугаруу үчүн чарба буюмдарын (насос жана шланга) сатып алуу зарылчылыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында бак-дарактарды жашылдандыруу үчүн суугарууга керектелүүчү чарба буюмдарын (насос жана шланга) сатып алууга 15 200 (он беш миң эки жүз) сом акча каражаты “Терек-Сай Тазалык ” муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |