Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-апрели № 1
Жайыттарды туура пайдалануу жана айылдык аймактагы жайыт кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө отчету жана 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек – Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин кызматкерлеринин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жайыт комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын ичинде аткарган иштери айтылган сын пикирлерди эске алуу менен “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 405711 сомго бекитилсин жана 2018-жылдан калган 102221 сом чыгаша акчасы 2018-жылдан калган чыгашаларга жумшалсын, 2019-жылга толук жайыт комитетинин бюджеттик киреше-чыгаша бөлүгү 303490 сомго бекитилсин,анын ичинен жер салыгынын акчасы чыгарылгандан кийин сумманын 3\1-бөлүгү айылдык аймактын счетуна которулуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |