Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-апрели № 2
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун алтын өндүрүүчү фабрикага кен-руда ташылуучу жолду долборлоого уруксат берүү жөнүндө
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун мүдүрү Махир Тезджандын “Перевальное”, “Тереккан” жана “Терек” кен участкаларынан жаңы заманбап алтын өндүрүүчү фабрикага кен –руда ташуу максатында жаңы жолду долборлоого уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун “Перевальное”, “Тереккан” жана “Терек кен” участкаларынан жаңы заманбап алтын өндүрүүчү фабрикага кен –руда ташылуучу жаңы жолду долборлоого уруксат берилсин.
2. “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, жолду долборлоо, куруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча техникалык регламенттерге, курулуш нормаларына, эрежелерине, стандарттарга жооп берүү жагы “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомуна жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт. курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |