Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-апрели № 3
Жалал-Абад шаарында областтык денгээлде өтүүчү турнирге окуучуларды алып баруу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын машыктыруучусу Б.С.Баимбетованын 2019-жылдын 10-13-апрелге чейин Жалал-Абад областында “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыяланган Жарлыгынын алкагында областтык денгээлде өтүүчү волейбол оюну боюнча турнирге окуучуларды алып баруу максатында жол жана тамак –аш чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областында “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыяланган Жарлыгынын алкагында областтык денгээлде өтүүчү волейбол оюну боюнча турнирге окуучуларды алып баруу максатында жол жана тамак –аш чыгымдарын төлөп берүү үчүн 23 600 (жыйырма үч миң алты жуз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ажакматов И. К. |