Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-апрели № 5
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык, Кызыл-Токой айылындагы 4 га КБФнын жер аянтын ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык, Кызыл-Токой айылындагы 4 га КБФнын жер аянтын ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүдөгү баштапкы баасын 1га жерге 9000 сомдон башталсын. Бул токтомдун аткарылышын Терек-Сай айылдык аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт. курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |