Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-апрели № 6
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүнө балдар ойноочу аянтча куруу үчүн жер тилкесин сатып алуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык Кенешинин төрагасы И.А.Ажакматовдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүнө балдар ойноочу аянтча куруу максатында жеке менчик 4 сотых жер тилкесин сатып алуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүнө балдар ойноочу жер аянтын куруу максатында жеке менчик 4 сотых жер тилкесин сатып алуу үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |