Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-апрели № 7
Мырзабаев көчөсүнө таза суу тартуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургундарынын айылга таза суу тартуу максатында диаметри 35 мм болгон узундугу 40 метр полиэтилендик суу түтүкчө алуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүнө балдар ойноочу жер аянтын куруу максатында жеке менчик 4 сотых жер тилкесин сатып алуу үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |