Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 1
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тез жардам автоунаасын алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундарына биринчи медициналык тез жардам көрсөтүү максатында тез жардам автоунаасын алуу жөнүндө айыл аймактын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын тургундарына биринчи медициналык тез жардам көрсөтүү максатында тез жардам автоунаасын алуу үчүн “ Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун 2019-жылдын соц.пакетинин эсебинен 475 000 (төрт жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |