Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 3
“ Энергоресурс Тянь-Шань” ЖЧКоомунун Каасансай участкасында изилдөө жумуштарын жүргүзүү жөнүндө
“Энергоресурс Тянь-Шань” ЖЧКоомунун кайрылууунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер казыналар жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, “ Энергоресурс Тянь-Шань” ЖЧКоомуна 2017-жылдын 06-февралында берилген 5218 номерлүү НП лицензиясынын негизинде Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кассансай участогунда нефтегаз изилдөө жумуштарын жүргүзүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жер казыналар жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык “ Энергоресурс Тянь-Шань” ЖЧКоомунун 2017-жылдын 06-февралындагы берилген 5218 номерлүү НП лицензиясынын негизинде Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кассансай участогунда нефтегаз геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө 3046 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |