Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 4
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына төшөнчү актарды алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына төшөнчү актарды алуу жөнүндөгү жетекчилердин кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына төшөнчү актарды алуу максатында 280 000 (эки жүз сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |