Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 5
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-2 көчөсүндөгү коомдук китепкананын эшигинин алдына тосмо тосуу жөнүндөгу китепкананын башчысы Ж.Турдуматованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-2 көчөсүндөгү коомдук китепкананын эшигинин алдына тосмо тосуу үчүн 13 610 (он үч миң алты жүз он) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |