Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-апрели № 6
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун ишкананын балансында турган КРАЗ авто- унаасына керектүү автотетиктерин алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансында турган КРАЗ автоунаасына керектүү автотетиктерин алуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |